Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык (корь) оорусун жуктургандардын саны 5 532 адамга жетти.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 1 637 киши. Ош шаарында – 377, Ош облусунда – 781, Баткен облусунда – 116, Чүй облусунда – 778, Жалал-Абадда – 1 591, Таласта – 101, Ысык-Көлдө – 83, Нарында – 68 учур катталган.
Быйыл кызамыктан төрт бала чарчап калды. Ал эми дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.
Белгилей кетсек, кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып, жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жасалууда.