Бишкекте №64, 20, 62 мектептердин окуучуларынын ата-энелери менен жыйын өтүп, анда Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун адистери Бишкек шаарында кызамык оорусу боюнча учурдагы жагымсыз эпидемиологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жыйындын жыйынтыгында саламаттык сактоо органдарынын, билим берүү уюмдарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын , кварталдык жана үй комитеттеринин биргелешкен иш-аракеттерин балдарды кызылчага каршы эмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2023-жылы 2307 кызамык оорусу катталса, 2024-жылдын акыркы 2 айында 1072 учур катталды.