Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарында Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери жана жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. «29-январда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 2000 доллар пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. кармалды. Жогорудагы кызматкерлер кылмыш-жаза жоопкерчилиги менен коркутуп кыздардан акча талап кылышкан.