"Эркин-Тоо"

КЫЗМАТ АДАМЫНЫН КЫЯНАТЧЫЛЫГЫБЫ?

Мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу колдонуу, кызмат абалынан пайдаланып кыянатчылыкка барбоо аймактык башкаруу бийлигинин негизги милдети болчу. Тилекке каршы, Талас шаарынын мэриясынын жана Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан аймактагы тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы катталып, кылмыш иши козголгонун УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип берген. Анын 25 млн сому «Ника KG» ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталып, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтиришиптир. Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!