"Эркин-Тоо"
Гезиттер Жаңылыктар

Кызматташуу жаңы багытка жол ачат

Өткөн аптада Кыргызстанга Казакстандын Президенти Касым‑Жомарт Токаев расмий сапар менен келди. Биздин өлкө үчүн эң жакынкы жана боордош кошуна казак элинин Президентинин бул сапары өтө маанилүү стратегиялык мааниге ээ. Куштун эки канатындай бир тууган элдин лидерлеринин жолугушуусу достуктун жана боордоштуктун чыныгы көрсөткүчү болгондугу белгиленди. Анын алкагында эки тараптуу соода алака, чек ара маселелери, суу ресурстарын пайдалануу жана инвестициялык кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюлду.

Акыркы 3-4 жылда эки өлкө ортосундагы ынак мамиле динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөн. 2022-жылдан тарта Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаровдун иш сапарларынын алкагында буга чейин көңүл бурулбай келген бир катар маселелер чечилген. Алсак, азыр Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард долларга жакындаган. Келечекте, тагыраак айтканда 2030-жылга чейин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүү максат кылынууда. Бул максат азырынча эң негизгилерден болуп эсептелет. КР Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун айтымында эки өлкө ортосундагы товарлардын номенклатурасын кеңейтүү жана кээ бир категориядагы товарлардын импортун, экспортун көбөйтүү планы коюлду.

Планды ишке ашыруу үчүн товар алмашууда мындан мурда кыргыз-казак чек арасында орун алган узун кезектерди жоюу жана өткөрмө бекеттердеги ишти жеңилдетүү каралды.

Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы:

— Чек араларда эми “электрондук санарип кезек” түшүнүгү пайда болот. Буга чейин эки өлкө ортосундагы чек ара постторундагы узун кезектер болуп келгени баарыбызга маалым. Мындан кийин ишкерлерге, автомобиль транспорту менен ташууларды жүргүзгөн тараптарга мамлекеттер тарабынан берилген жеңилдик сезилет. Чек ара аймагындагы эки өлкөнүн операторлору салык кызматтары болуп эсептелет. Бул чаралар ишке киргенден кийин жеңил өнөр-жай бизнеси, жүк ташуулар тездик менен өнүгүү, өсүү жолуна түшөт.

Учкунбек Ташбаев, экс-министр:

— Кыргызстан менен Казакстандын соода алакалары чек арадагы тоскоолдуктар – өткөрмө пункттардын кубаттуулугу, узак бюрократия жана санариптештирүүнүн жоктугунан улам жай болуп келген. Экинчи маселе, буга чейин логистика менен сатуунун инфраструктурасы жетишсиз эле. Кыргыз продукциялары ири базарларга толук жетпей, сапаттык стандарттар жана сертификат системалары начар иштеп келген жана азыр да ошондой абалда. Соода түзүмү чектелген бойдон калып келген – негизинен чийки зат жана азык-түлүктүн кошумча наркы аз болгондуктан да өсүү мүмкүнчүлүгү аз болгон. Акыркы визитте ушул негизги үч тармактагы проблемаларды чечүү багытында иш-чараларга кадамдар жасалды. Алматы облусундагы дүң бөлүштүрүү борборунун курулушу жалпак сөз менен айтканда ортодогу эки мамлекет көзөмөлдөгөн чоң базар түзүлөт дегенди билдирет. Бул борбор товардын кирип-чыгуусунун тез жана жеңил болуусун камсыздап берет. Өткөрмө пункттарды санариптештирүү электрондук кезек, электрондук декларация, санариптик пломбалар жана эң нигизги эки мамлекеттин ортосунда бири-бирине ишенбестик жоюлуп, реалдуу убакытта 2 мамлекеттин бажылары бир маалымат менен иштеп башташат дегендик. Ушул багыттар ишке ашса, максат кылынган 3 млрд доллардык соода жүгүртүүгө жетебиз.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы мурдагы башкы консулу Назарали Арипов:

— Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин биздин өлкөгө келип-кетиши менен Кыргызстан үчүн кыргыз-казак достугунун жаңы багыттарына жол ачылды десек болот. Чет жерде иштеген мекендештерибиздин саны боюнча Орусиядан кийинки кезекте кыргыздар Казакстанда көп эмгектенишет. Муну айтканым, коңшу өлкөнүн Президентинин соңку сапарынан соң Казакстанда иштеген он миңдеген мигранттарыбыздын иштөөсүнө жеңилдиктер каралды. Мындан тышкары боордош эки мамлекеттин ортосундагы саясий, экономикалык жактан байланыш соңку сапардан соң өлкөбүз үчүн жаңы сапаттарга көтөрүлүү болуп эсептелет. Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон сапарында Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич жана белгилүү саясий ишмерлерибизге жогорку даражалуу мамлекеттик сыйлыктарды тапшырышы сыйлык ээлерин гана эмес, бүтүндөй бир тууган кыргыз элин жогору баалагандык болуп эсептелет. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жетекчилигинин астында учурда тарых менен тамыры бир кыргыз менен казактын ортосундагы боордоштуктун жаңы модели ачылды десек болот. Кыргызстанда акыркы убакта чагылгандай тездик менен өзгөрүп жаткан окуялар, Өлкө жетекчилигинин үзүрлүү аракеттери менен болуп жаткан жагымдуу иштер 5 жылдын ичинде бир гана Орто Азия өлкөлөрүнүн гана ичинде эмес, Батыш жана Кытай өлкөлөрүн кошо таңгалдырууда. Кыргызстанда учурда тартип жана мыйзамдуулук орноду. Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кыла баштады. Касым-Жомарт Токаевдин сапарындагы дагы бир маанилүү жагдай, аны менен кошо өлкөбүзгө кошуна өлкөдөн бир катар ири ишкерлер келишти. Натыйжада, экономикалык жактан ири иштерге, эки тараптуу соода-сатык менен ишкерчиликке жол ачылганын баса белгилеп айтсак жарашат. Муну айтканым, боордош эки эл алдыдагы соода-жүгүртүүнүн көлөмүн 3 млрд долларга жеткирүүнү реалдуу максат катары коюшту.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, мурдагы Билим берүү жана илим министри:

— Ош мамлекеттик университетинде Казакстандын Лев Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ачылышы жакшы саамалык.

Эгемендүүлүктөн бери эле орустар, кытайлар, түрктөр, арабдар өз окуу жайларын ачышты. Коңшу мамлекеттерден өзбектердин окуу жайы бар. Эми казактар минтип филиалын ачып жатышат. Былтыр КазМУ биздин Улуттук университетибизге өзүнүн филиалын ачкан. Булардын бардыгы жакшы көрүнүш. Бирок, ушундай нерсе бир тараптуу болбостон, эки тараптуу болушу керек. Биздин дагы алдыңкы университеттерибиздин филиалдары ошол эле Ташкентте, Алматада, Астанада, Пекинде жок дегенде бирден факультет болсо да ачылышы керек. Биз ошол жагына көңүл бура албай жатабыз. Анткени азыркы заманда билим берүү деген билинбегени менен чоң саясат. Өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн жайылтуунун эффективдүү жолу. Ошондуктан мен бул көрүнүштү салтанаттуу түрдө колдоо менен бирге ушундай каалоомду, сунушумду билдирем. Буга бир себеп, биздин окуу жайлар ошондой эл аралык деңгээлге чыгуунун далалатын кылбай жатышат. Мурунку Билим берүү жана илим министри катары мени ушул нерсе абдан өкүндүрөт. Ошентсе да, биздин саясий бийлик тарабынан ушундай шарттар коюлушу керек. Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Кытайда биздин көп диаспораларыбыз бар. Биз эми ушул жагын да эске ала кетсек, абдан жакшы болот эле. Ошондо эки тараптуу болуп, иш жүзүнө ашыруу иштери, илимий иштерди жана окуу-методикалык иштерди жүргүзүү абдан жакшы болмок. Илим менен билим эч кандай чек арага баш ийбейт.

Даярдагандар

Жазгүл Кенжетаева,
Калыгул Бейшекеев,
Жазнура Токтоболотова