"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кызыл диплом алгандарды мамлекеттик кызматтын кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев депутат жаш адистердин билим алуусуна шарт түзүү жана кадрлардын өлкөдөн кетишин болтурбоо максатында жогорку окуу жайларын кызыл диплом менен аяктаган жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүү мүмкүндүгүн берүүнү сунуштады..

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык, жогорку кесиптик билимди артыкчылык менен аяктаган жарандарды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталууда. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына өтүүдө талапкерлерди тандоодо артыкчылыктуу абалга ээ болот.

“Мындай шарттар өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн билим алууда мыкты көрсөткүчтөргө жетүүгө умтулуусуна стимул түзүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык дарамети жакшырат жана кандайдыр бир деңгээлде жаш адистердин өлкөдөн чыгып кетиши токтотулат деп болжолдойбуз”, — деп айтылат документте.