"Эркин-Тоо"

«Кызыл-Кыя машина куруу заводу» мамлекетке өттү

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматта  мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, «Кызыл-Кыя машина куруу заводун» жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталганы айтылган. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына кайтарылды. Аталган заводдун жалпы аянты 22,89 гектар, болжолдуу баасы 4 млрд 74 млн 650 миң 494 сомду түзөт

УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана башка курулмаларды мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча фактыларды аныктоону улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!