Маданият министрлигинин сунуштамасы менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Асылбек Тажибаев дайындалды.
Асылбек Тажибаев 1978-жылы Кадамжай районунун Көтөрмө айылынын Кызыл-Булак айылында туулган. 2002-жылы Ош мамлекеттик университетиндеги филология факультетинин «кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистигин аяктаган. Эмгек жолун мугалим болуп баштап, кийин журналистика жана маданият тармагында иштеген.
Кадамжай райондук «Эл жарчысы» гезитинде кабарчы, редактордун орун басары жана редакторлук кызматтарды аркалаган. 2014-жылдан тартып Кадамжай райондук маданият бөлүмүндө бөлүм башчы болуп эмгектенген.