Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу—Чоң-Кызыл-Суу унаа жолунун 3–6-чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Учурда 1 чакырымдан ашык аралык бүткөрүлдү.
Жол оңдоо иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №35 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.
Эске салсак, 2023-жылы бул жолдун 2 чакырымына асфальт төшөлгөн.