Кыргыз Республикасынын 18 калктуу конушу боюнча 2021-жылдын майында кызылчанын 1 кг 60,48 сомду түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет кабарлады. Бул баа өткөн жылга салыштырмалуу 28,75 сомго же дээрлик 2 эсеге өскөнүн, ал эми 1 кг сабиздин баасы 40,49 сомду түзгөнүн жана 1,6 пайызга өскөнүн көрсөткөн.