Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусуна чалдыккандардын саны 4098ге жетти.. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бул жугуштуу илдеттен коргонуунун жалгыз жолу эмдөө экенин белгилеген мекеме азыр Европа аймагында ооругандардын көп катталуусу уланып жатканын белгиледи.
Министрликтин маалыматына караганда, Казакстанда бул илдетке чалдыккандар 13 миң болду, ал эми Өзбекстанда болгону 164 бейтап катталган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын көбү Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абадда. Бул аймактарда вирус бала бакчаларда жана мектептерде эмделбеген балдар арасында активдүү жайылып жатканы белгиленген.