"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кызын сабаган ата кармалды

Буга чейин интернетке кичинекей кызды чыбык менен сабап жаткан адамдын видеосу тараган. Видео Ноокен районунда тартылганы аныкталып, милиция кызматкерлери 41 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына 36 жаштагы О.К кайрылып, 41 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 14-ноябрда аны эч себепсиз сабап, андан соң үйдөн кууп чыккан. Ал улуу кызы менен кеткен. Үйдө 5 жаштагы кызы жана улуу уулу калган.

Милициянын маалыматы боюнча, ал киши кызды сабап жатканын видеого тартып алып, аны аялына, эгер үйгө келбесең, мындан да күчөйт деп коркутуп жиберген.

27-ноябрда бул факт каттоого алынып, андан соң иш Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө үчүн өткөрүлүп берилген. Бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө – аялга жана анын үч баласына керектүү экспертизалар дайындалды. 41 жаштагы К.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.