"Эркин-Тоо"
Иш-жума

КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮ КОЛ СУНАТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары учурунда Кыргыз Республикасы – Япония Парламенттик достук тобунун жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо менен жолугушту. Жолугушууда соодаэкономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сөз болду. Тосиаки Эндо мырза ал жана анын кесиптештери кыргыз тараптын сунуштары боюнча иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди. Кыргыз тарап Япониядан улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар. Учурда Япония менен инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору иштелип чыгууда. Келишим жапон инвесторлоруна кыргыз экономикасына инвестиция салуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, — деди Акылбек Жапаров.

Бегим ТУРДАЛИЕВА