Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17–19-июнь күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын темпиратурасы кескин жогорулайт. Күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 39…41°ка чейин, ал эми Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин ысыйт.
Министрлик калкты ысык өткөрүп алуудан сактанып, баш кийим кийип жүрүүгө жана тез-тезден таза суу ичип турууга чакырды. Ошондой эле дыйкандарга өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталууда.