13-апрелде Алматы шаарында спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Азия биринчилиги башталды. Континенталдык таймашты грек-рим күрөшүнүн чеберлери башташты. Мелдештин биринчи күнү кыргызстандык балбандар 1 күмүш жана 3 коло байге алышты. 87 кг чейинки салмактагы Атабек Азисбеков финалда ирандык балбанга жеңилип калып күмүш медаль тагынды. Нурмухамед Абдуллаев (55 кг), Кайрат Тугольбаев (77 кг) жана оор салмакта Мурат Рамонов (130 кг) 3-орундарды камсыз кылышты. Урмат Аматов (63 кг) 5-орун менен чектелди. Грек-рим күрөшүнөн соң эркин күрөштөн жигиттер жана кыздар өз салмактары боюнча килемге чыгышат. Биринчилик 18-апрелде жыйынтыкталат