Ош шаарында жайгашкан күрөөкана тонолуп, андан акча жана баалуу буюмдар уурдалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя 11-июнь күнү түнкү саат 04:30 чамасында Баялинов көчөсүндөгү мейманкананын биринчи кабатында жайгашкан күрөөканадан катталган. Эки белгисиз адам күрөөканага кирип, 21 жаштагы кызматкердин денесине залал келтиришкен. Жабырлануучунун арызына ылайык, шектүүлөр күрөөкананын темир сейфинен болжол менен 300 миң сом акчаны жана 1 миллион 300 миң сомдук алтын буюмдарды алып кетишкен.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Ички иштер органдары жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда иликтөө иштери улантылууда.