Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталып, эл аралык издөөгө алынган, Кыргызстандын 48 жаштагы жараны Таалайбек Рысалиев Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 2-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алган.
УКМКнын маалыматына ылайык, Таалайбек Рысалиев Камчы Көлбаевдин жакын адамы болуу менен, анын таасирин мыйзамсыз киреше алуу үчүн пайдаланып турган. Ал түздөн-түз же кыйыр финансылык же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган.
Атайын кызмат Рысалиевди Кыргызстандын аймагына экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатканын маалымдады.