"Эркин-Тоо"

Aла-Арча жаратылыш паркына асма жол курулушу мүмкүн

Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, келерки жылы бул эс алуу аймагына 2 миң унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, мейманкана жана асма жол курулат.

Каныбек Туманбаев кошумчалагандай, жаңы унаа токтотуучу жай паркка эс алганы келгендердин жеке унаалары үчүн зарыл. Эске сала кетсек, 2025-жылдан тарта мындай унаалардын Ала-Арчанын аймагына кирүүсүнө чектөө киргизилген. Электр унаалары менен корголгон аймакты айланып өтүүгө болот.

«Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн сейил бактын бийик тоолуу аймактарына оңой чыгууну камсыз кылган асма жол курулат», — деп кошумчалады Каныбек Туманбаев.

Буга чейин ал «Ала-Арча» улуттук паркынын жылдык кирешеси 2022-жылдагы 51 миллион сомдон 2024-жылы 230 миллионго чейин өскөнүн билдирген.

Пример HTML-страницы