Мамлекет тарабынан өндүрүш ишканаларына ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө. “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсына заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн. Кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «МайлууСуу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды. Министрлер Кабинетинин башчысы ишкана жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылуу менен ишке толук кандуу кирүүгө тийиш деп белгиледи.

