"Эркин-Тоо"

Лавр жалбырагы стрессте, чарчаганда жардам берет

ҮЙГӨ ЛАВР ЖАЛБЫРАГЫН ТҮТӨТҮП КОЮҢУЗ,  ЖЫЙЫНТЫГЫ СИЗДИ ТАҢ КАЛТЫРАТ!

Ар бир үйдүн өзүнүн жыты, ароматы болот. Кимдир бирөөнүкү атыр менен кофе жыттанса, дагы бириники жаңы жасалган тамак менен ысык сүт жыттанат. Ошентсе да мындай үйдө өзүңдү жайлуу сезесиң, себеби булар аба тазалачу жасалма жыттар эмес.

Байыркы гректер менен римдиктер билген ыкманы билишет. Алар лавр жалбырагын тамакка гана эмес, үйдү жагымсыз жыттан тазалоодо жана нымдын жытын кетирүүдө колдонушкан. Ал үчүн лавр жалбырагын күйгүзүп, түтөтүп коюшкан…

Айтмакчы, эгер бат-бат бул процедураны кылып турса, жыттардан эле арылбастан, кээ бир оорулардын алдын алып жана табыңызды дагы жакшыртат. Лавр жалбырагынын жыты организмди сооротуучу жана ооруну басуучу каражат катары далилденген.

Лавр жалбырагы эпилепсия пристубун алдын алат, стрессте, чарчаганда жана уйку жокто жардам берет. Бул анын курамында цинеол жана атайын эфир майлары бардыгы менен түшүндүрүлөт. Бул заттар дем алуу жолдорун тазалап, организмдин бошоңдошуна шарт түзөт.

Бул эффекттерди 10 мүнөт аралыгында сезүү үчүн, табакка кургак жалбыракты салып туруп, күйгүзүп койгула. Бир аз убактан кийин комната жагымдуу жытка толуп калганын сезесиз.

Айтмакчы, лавр жалбырагы тазалык, ийгилик жана жеңиштин символу болуп саналат. Бул өсүмдүктүн сыйкырдуу касиеттери байыркы кезде эле белгилүү болгон. Лавр жалбырагы менен ар кандай ритуалдар өткөрүлгөн. Кээ бирлери үйдү коргоо максатында, дагы деле кире беришке лавр бутагын илип коюшат.

Жатканга жаан жукпайт дегендей, эринбей өз колуңуз менен кылып, тилегиңизди бул татымалдын жардамы менен орундатып көрүңүз.

Байыркы гректер лавр жалбырагына калоо-тилектерин жазып күйгүзүп жиберишкен. Эгер ошол кезде маанайыңыз жакшы болсо сөзсүз орундалат деп айтышкан. Ойдун күчү учу кыйырсыз, кереметке ишениңиз – бардык тилегиңиз орундалат.

Ошондой эле, лавр жалбырагы таракандар менен алышууда эң жакшы курал болуп саналат. Анын жыты таракандарды кубалайт, бирок сизге жана балдарыңызга эч кандай зыяны жок.

Сиз кугак же ным бойдон колдонсоңуз болот, бирок эффект көбүрөөк болуш үчүн кургагын колдонгон жакшы – жыты күчтүүрөөк болот.

Лавр жалбырагынын пайдалуу касиеттерин санап болбойт. Аны кулинарияда, дарычылыкта, үйдө жана башка көптөгөн жерлерде колдонот. Ошондуктан бул татым ар бир үйдө болуш керек

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!