"Эркин-Тоо"
Саясат

Лавров кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстан менен Кыргызстан чек араларын тактоо үчүн демаркациялоо иштерин баштаганын жакшы жышаан деп баалады. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Сергей Лавров учурда жумушчу сапары менен Тажикстанда жүрөт. «Тажикстан менен Кыргызстан чек араларын демаркациялоого киришти. Бул башка постсоветтик өлкөлөр үчүн жакшы мисал боло алат», — деп ал билдирген.

«Тажикстан менен Кыргызстандын конфронтациядан кызматташтыкка өткөнү тууралуу кечээ сүйлөштүк. Биз жакында болуп өткөн конфликттик опурталдуу фазасы артта калганына кубануу менен кабыл алдык. Эң негизгиси эки өлкө тең демаркация жана делимитациялоо иштерине киришкени жакшы иш» — дейт Сергей Лавров.