"Эркин-Тоо"

Легендалардын беттеши: Садыр Жапаров алгачкы голду киргизди

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболунун ардагерлер командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынын курама командасынын ортосунда легендалардын футбол боюнча достук беттеши өтүп жатат.

Кыргызстан курама командасынан алгачкы голду Президент Садыр Жапаров киргизди.

Беттеште түрдүү муундун оюнчулары ойношууда. КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар бар. Атактуу спортсмен Олег Романцев келген коноктордун командасынын башкы машыктыруучусу.

Кыргызстандын курамасында улуттук футболдун белгилүү оюнчулары: Закир Жалилов, Немат Закиров, Комол Тайчиев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Игорь Кудренко, Сергей Лисичкин, Руслан Сыдыков, Айбек Бокоев, Ясын Мусаев, Вячеслав Прянишников, Азамат Ишенбаев, Александр Муратиди жана башкалар. Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!