"Эркин-Тоо"

Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов: “Тарыхтагы жаңы маалыматтар иретке салынбай, иштелип чыкпай турат”

— Бегиш аке, редакцияга Чыңгыз хан боюнча айтайын деп келген экенсиз, сизди тарыхый инсандын эмнеси түйшөлтүп жатат?

— Ээ, үкөм, менде Чыңгыз хан боюнча айта турган сөз көп. Азыр эми ток этээринен баштасам, 2016-жылы, ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылып, тарыхтагы иликтенбей жаткан маселени кабыргасынан койгом. Азыр дагы ал актуалдуулугун жогото элек, ошондуктан маселе колго алынышы керек. Баарыбыз билебиз, кыргыз эли жалпы адамзат тарыхында өз орду бар байыркы, баатыр жана улуу эл. Бул тууралуу тарыхый булактар да тастыктап турат. Маселен, кыргыздардын Борбордук Азиядагы түрк элдердин ичинен эң байыркысы экенин дүйнөлүк илимпоздор да бир ооздон баса белгилеп келишет. Муну хунндардын доорунда (б.з.ч. 201-жылдар) Кытай булактарына кыргыздардын “Гяньгунь” деп түшүшү да ачык далилдейт. Бирок, Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери расмий тарыхыбыз өзгөрө элек. Айрым окумуштуулар жана тарыхка кызыккан адамдар тарабынан көптөгөн жаңы маалыматтар табылса дагы алар иретке салынбай, дале толук иштелип чыкпай турат. Айрыкча, тарыхта “Моңол доору” деп аталган убактыларда чаташуулар көп болгондуктан, Чыңгыз хан тууралуу тарыхый булактарды өтө дыкаттык менен карап чыгууга туура келүүдө.

— Кандай карашыбыз керек?

— Моголдордун, анын ичинде Чыңгыз хандын кыргыз болгонун иликтеп чыгып, тарыхый чындыкты ордуна коюу зарыл. Бул боюнча мен көп жылдык изилдөөлөрдү жүргүзүп, тарыхый булактарга таянуу менен “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” деген китепти 2015-жылы “Турар” басмаканасынан 1000 нускадан ашык чыгаргам. Аталган китеп алгач макала иретинде “Эркин Too” мамлекеттик расмий гезитине, ошондой эле “Жетиген” түстүү журналына, андан кийин бир катар гезит, сайттарга кыргызча-орусча басылып чыкты. Эки жолу кыргыз телевидениесинде (КТРК) талкуу болгон. 2016-жылдын февраль айында КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин жетекчилигинде, Кыргызстанга белгилүү аттуу-баштуу окумуштуулардын катышуусу менен (25 адам) аталган темада тарыхый доклад жазылды. Бул эмгек КР УИА тарабынан коомдук башталышта эл үчүн жазылган мыкты макала деп табылды. 2016-жылдын июнь айынын орто ченинде Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, белгилүү акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун жетекчилигинде 15ке жакын акын-жазуучулардын тобу менен аталган китеп жөнүндө баарлашуу өткөрүштү. Ал жыйын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болгон. Талкуу 4 сааттан ашык убакытка созулуп, соңунда бул китеп кыргыз элинин тарыхын тактоодогу баалуу эмгек деп табылган.

— Биз билгенден КР улуттук илимдер академиясы башкача аныктама берген эле, ага кандай түшүндүрмө бере аласыз?

Анда: “Урматтуу Бегиш Аматов кыргыз тарыхына кызыгып, ышкыбоз катары өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Ал киши “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” деген китеп жазып, өз каражатынын эсебинен басмадан чыгарган. Автордун демилгеси боюнча КРнын Улуттук илимдер академиясында 2016-жылдын февралында бул китепке адис тарыхчылардын катышуусу менен илимий талкуу жүргүзүлгөн. Талкуунун жүрүшүндө китептин мазмуну илимден алыс тургандыгы, реалдуу чындык бурмаланып, автордун субьективдүү көз карашы менен жазылгандыгына баа берилген. Китепти жазууда автор тарыхый фактыларды бурмалаган жана өзүнүн ойдон чыгарган түшүнүктөрү менен Чыңгыз ханды кыргыз кылууга аракеттенген. Ушул себептерден аталган китептин кыргыз тарыхы илимине жана кыргыз элине баалуулуктарды бере албастыгын билдиребиз. Автордун кайрылуусундагы 4 пункттан турган сунуштарын мамлекеттин эсебинен ишке ашыруунун зарылчылыгы жок. Тескерисинче, ар бир ышкыбоз тарых сүйүүчүнүн жаңылыш пикирин жарыялай берүүдөн биринчи кезекте илимге зыяны тиет, экинчиден жалпы элдин тарыхка болгон табитине залака келтирет” — деп айтылган эле… — Ооба, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу М.С.Жуматаев ушинтип жооп берген. Бул тарыхты терең иликтөөгө кызыкпаган, кыргыздын калыптанышына кайдыгер караган тарыхчылардын көрсөтмөсүнүн негизинде берилген жооп болгон. Дегеним, азыркы учурда айрым тарыхчылар тарабынан кыргыздардын курамына кирген уруулар жиктелип, кыргыз эместиги белгиленип келе жатат. Маселен, моңолдор уруусу азыркы моңголдордон кыргыздын курамына киргенин тарых китептерге жазышкан. Бирөөсүн далил катары айтсам, КР улуттук илимдер академиясынын гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү, тарых жана маданий мурас институту тарабынан 2016-жылы жарык көргөн “Кыргызстандын тарыхы” китебинде дагы турат. Анда: “Моголстандын көчмөндөрү өзүлөрүн моңголдор же ортоазиялыктарча моголдор дешкен” дейт да, “1350-жылдары Мавреннахрда башында бири-бири менен касташкан түрк жана түрктөшүп кеткен моңгол урууларынын эмирлери, кол башчылары жетектеп турган бир нече майда ээликтер болгон” деп жазган. Менин кайрылганым, мамлекеттик деңгээлде ушул катачылыктарды, кемчиликтерди жоюп, кыргыз урууларын тактап чыгуу зарыл. Алардын баарын тактагандан кийин Чыңгыз хан ким болгону өзүнөн өзү ачыкка чыгат.

— Кыргыз экени далилденеби?

— Ооба, моголдор кыргыз экени тастыкталат. Муну бир катар тарыхчылар белгилеген, мен экөөсүн айтсам, советтик тарыхчы В.П.Юдин “Борбордук Азия XV– XVIII кылымдарда” деген китебинде “Монгол империясынын аймагындагы уруулардын түбү моголдор жана алар басымдуулук кылат. Чынында алардын көбү дээрлик бардыгы түрктөр болуп эсептелет” деп жазган. Чыгыш таануучу К.А.Иностранцев “Моңголдор – бул Чыңгызхан өзү 1206-жылы элине берген (ойлоп тапкан) жалпылама саясий термин. Саясий жактан алганда моңгол, ал эми этникалык жактан түрк болушкан” деп жазган. Чынында эле азыркы моңголдордун түбү кидан (манжур), ойрот, халкас, калмактар болгон. Учурдагы моңголдордун (халкалардын, ойроттордун) байыркы ата-бабалары болуп тарыхта дунхулар аталат. Бул маалымат Бичуриндин бүткүл дүйнөгө белгилүү көлөмдүү эмгегинде да бар. Ал эми Чыңгызхандын тегерегинде эч кандай моңгол тилдүү уруулар болгон эмес. Аны буруттар, татарлар, кереиттер, маңгыттар, жалайырлар, наймандар, уйгурлар, коңураттар сындуу түрк тилдүү уруулар курчап турушкан. Мисалы, катагандар азыр кыргыздагы чоң уруунун бири. Учурунда Чыңгыз хандын уруусу менен жакын туугандаш болуп, кийинчерээк казактардын, кыргыздардын, каракалпактардын, өзбектердин курамына сиңип кеткен.

  — Тилинде дагы айырмачылыктар бар экени айтылып келет…

— Окумуштуулар түрк жана тунгус-манжур тилдеринде лексикалык окшоштуктар – 10%, морфологиялык окшоштуктар – 5% экенин далилдеген. Бул кандайдыр бир көөнө моңгол тилин алып жүргөн байыркы моңгол уруулары эч качан болбогонун тастыктап турат. Ал эми азыркы моңгол тилдери тарыхый жактан өз ара аракеттенген эки генетикалык өз алдынча топтор эсептелген байыркы түрк жана тунгусманжур тилдеринин аралашмасынан келип чыккан. Академик В.П.Васильев “Биз Чыңгыз хан азыркы моңгол тили деп жүргөн тилде сүйлөгөн эмес десек туура болот, бул тилде анын уруулаштары байыркы моңголдор деле сүйлөгөн эмес” деп белгилеген. Л. Н. Гумилев да: «Монгол талааларында Чыңгыз ханга чейинки миңдеген жылдар бою жана анын тушунда деле ар кандай көчмөн түрк уруулары гана жашап келишкен. Муну эч ким талаша албайт деп ойлойм» деп жазган. Чыңгыз хандын атабабаларынын аттары бүт түркчө экени да бул жазылган далилдерди тастыктап турат. Маселен: Барин-Ширату, Менен-Тудун, Хача-Кулюк, Кайду, Тумбинай, Кабул-хан, Бортан-Баатур, Таргитай, Есугей деп аталган. Анын ага-инилеринин, карындаштарынын жана жакын туугандарынын, кийинки урпактарынын аттары да түркчө: Хасар, Темулун, Темуге, Жоши, Бату, Береке, Шибан, Чагатай, Мутуген, Есенту, Байдар, Угедей, Тулуй, Куюк, АригБуга, Сартактай, Баян, Барак, Токта, ж.б. болуп аталган.

— Демек, Чыңгыз хан түрк тилинде сүйлөгөнбү?

— Чыңгыз хан түрк тилинде сүйлөгөндүгү боюнча көптөгөн далилдер бар. Бирөөсүн айтсам, В.П.Юдин “Моголдордун сөз үлгүлөрү сакталып калган жана алардын тилдик таандыгынын башка күбөлөндүрмөлөрү да бар. Алардын баары моголдордун түрк тилдүү болгонун айтып турат” деп жазган. Чыңгыз хан өзүнүн тегерегине көчмөн түрк урууларын бириктирип, мамлекет кураган жана өзү башкарган мамлекетке кирген өз элин «моңголдор» деп атагандыктан, Монголиянын көчмөндөрү заматта «моңголдор» болуп чыга келишкен. Бирок, алар түрк тилинде же анын диалектилеринде гана сүйлөшкөн жана жазышкан. Тагыраагы, түркий элинин тагдыры XVI–XVII кылымдарда түптамырынан бери өзгөргөн. XVII кылымдын ортосунда Монголияда, монгол жазылмаларынан алынган маалыматтарга ылайык, калктын саны 6% гана түмөндү түзгөн, бул болжолдуу алганда 60 миң. Аларды 1640‑жылдан тарта манжурлар деп аталган журчендер оңой эле багындырып алышкан. Манжурлар жеңүүчү катары түпкүлүктүү калкка абдан катуу талаптарды койгону түшүнүктүү, ошондуктан бир-эки муун өткөн соң эле түрк тилдүү элдер азыркы жаңы тилде сүйлөй башташкан. Ошентип, XIII–XV кылымдарда бул жердеги түрк уруулары «монгол» деп аталып, алардан азыркы Монголиянын аймагындагы жана Кытайдын Ички Монголиясында жашаган, XVI кылымда сяньбий уругунан тараган кидандар жана ойроттор менен сиңишип кеткен. Түпкүлүгү Дунхулардан тараган азыркы халхалар пайда болгон. Жыйынтыктап айтканда, Чыңгыз ханга чейинки жана Чыңгыз хандан кийинки 400 жылдыкта Монголиянын көчмөндөрү түрк тилинде сүйлөшкөн.

Кылычбек Кудайбергенов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!