"Эркин-Тоо"

Лейлек район аймагында жол коопсуздугун алдын алуу иштери өткөрүлүп жатат.

Лейлек районунун аймагында 2023-жылдын 13-14-март күндөрү, коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол транспорт кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. Лейлек РИИБдин кызматкерлери менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери биргелешип «Нелегал» аталыштагы иш-чараны, тактап айтканда чет өлкөнүн жарандары тарабынан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөндүгүн аныктоо жана Лейлек РИИБ боюнча жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн март айына түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде «Бахус» аталышындагы рейддик иш чара жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш чаранын негизинде Лейлек РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары тарабынан жол эрежесин бузган айдоочуларга карата 3 даана КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде протокол толтурулуп, ал эми Лейлек РИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин  1-бөлүгүнүн негизинде 2 айдоочу спирт ичимдигин ичип автоунаа башкаргандыгы аныкталды жана ар кандай жол эрежесин бузган айдоочуларга карата 70 даана укук бузуу жөнүндө протоколдор толтурулду. Ошону менен бирге жолдо жүргөн айдоочуларга, жергиликтүү жарандарга 2022-жылдын 29-декабрындагы Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!