"Эркин-Тоо"

Лейлек районундагы айылдарда милиция кызматкерлери кайгуул иштерин жүргүзүшүүдө

Лейлек районундагы Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында милиция кызматкерлери кайгуул иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, эртең менен Баткен облусунун Лейлек районунда Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районундагы Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында кайгуул иштерин жүргүзүүгө багыт алган милиция кызматкерлерине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоону, аларга учурдагы абал турукташууга багыт алгандыгыны боюнча түшүндүрүү иштерин колго алууну, ошондой эле жардам сурап кайрылган жарандарга ар тараптуу жардам берип көмөктөшүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган имараттарды, үйлөрдү, короо-жайларды, соода-түйүндөрдү дыкаттык кароого алган ыкчам тергөө топторуна жардам көрсөтүү керектигин да белгиледи. Анткени, ыкчам түзүлгөн атайын тергөө топтору да Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун бардык жайларын карап чыгып, мыйзам чегинде баарын аныктоого багыт алды.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Учурда абал тынч, эч кандай терс көрүнүш каттала элек. Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана ага тартылган күч каражаттары абалды турукташтыруу үчүн күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүп, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытындагы атайын иштерди жүргүзүп жатат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!