"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Лейлектеги Айкөл айылында жаңы мектеп курулду

Лейлек районунун Айкөл айылында Наркозу Батыров атындагы 225 орундуу жаңы орто мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан салынды. Курулушка 106 млн 252 миң сом жумшалды. Ал жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.

Эске сала кетсек, буга чейин айылдын окуучулары 75 жыл мурда ашар жолу менен курулган, ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган имаратта билим алып келген.