"Эркин-Тоо"

Ленин округу боюнча кайра шайлоодо БШК 25 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 25 талапкерди каттады. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бүгүндөн тарта үгүт иштери расмий башталды. Ал эми 10-сентябрда шайлоо өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин 28-майда өткөн шайлоодо добуш сатып алуулар катталып, БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.