Бүгүн, 16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылды.
Анда БШКнын мүчөлөрү бир добуштан шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.
28-майда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 249 добуш (35,86 пайыз) алган.
5-июндагы Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин добуштары жокко чыгарылган.
Мыйзам боюнча, эгерде шайлоого катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылса, БШК «шайлоонун жыйынтыгы анык эмес» деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.