"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башчысы Ырысбек Мааткабылов: “ЭТ ЭМЕС, АНДАН ЧЫККАН СӨӨГҮ ДА ИШТЕТИЛИШИ КЕРЕК…”

Ырысбек Шаршенбаевич кадимки Салымбековдор династиясынын көрүнүктүү өкүлү, жаштайынан ишкерчиликтин “ичегисин чубаган” таланттуу жигит. Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон көп кырдуу талант ээси соңку убакта айыл чарбасы менен алпурушуп жүрөт. Мал багууга ар убак ышкысы ойгонгон мындай инсандын айыл чарба тууралуу өзгөчө ойлорунан коомчулуктун калың катмары кабардар. А биз, бул сапар каарманым менен тоо этектей барып, жандуу маанайда кызуу баарлаштык…

— Ырысбек мырза, өзүбүздү-өзүбүз “мал киндиктүү өлкөбүз” деп төш каккылаганыбыз менен, мал чарбачылыгы жаатында деле жыргап кеткен жерибиз жок. Асыл тукумдуулук жагына азыр аз-аздан басым жасалганы болбосо, тери-жүндөр иштетилбей чирип жатат. Эттин баасын болсо көрүп жатасыз. Ар ай сайын кымбаттоодо. Өткөн жылы сиздердин демилге менен салынып, ишке берилген Балыкчыдагы эт комбинаты учурда эмнеге тыңгылыктуу иштебей жатат?

— Ооба, Кыргызстанда малдын сапатына эмес, санына карап, туягын санап келишкен. Бул нерсени жашырбай эле коёлучу. Туурабы? Малдын саны эмес, сапат жагы эми жолго коюла баштады. Бул жагынан жылыштар бар. Ал эми Балыкчыдагы эт комбинатыбыздын 1 күндүк кубаттуулугу жүз баш уйга, 1500 кой союуга сыйымдуу болуп, эсептелген. Күнүнө жүздөн уй союлганда деле, 1 айда орточо 3000 бодо мал союлмак. Өткөн жылы ал комбинат сентябрь, октябрь, ноябрь айлары гана иштеди. Башка убакта мал жок болуп калды. Болсо да кымбат. Элибиз азыр эт комбинатына малды өткөрүүнүн жолдорун эми-эми гана үйрөнүп келе жатышат. Аныгында эл аралык практиканы айкалыштыруу менен эт комбинатына мамлекет тарабынан олуттуу жардамдар болсо жакшы болмок. Эми деле кеч эмес. Реалдуу жагдайдагы биздин сунуштарыбыз даяр… Сиздин сурооңузда айтылгандай “мал киндиктүү өлкөбүз” дегенибиз менен, ал өлкөдө эт комбинаты 3 ай гана иштөөдө.

— Мал чарбачылыгына ыктагандар үчүн да азыр чеке жылыткан тыңгылыктуу шарттар жок. Жем-чөп, дегеле тоюттун болгон түрү кымбат, жайытка болгон салык да арзан эмес… Мындай шартта фермерлерден олуттуу жыйынтык күтүү канчалык деңгээлде орундуу деп ойлойсуз?

— Мал ээлеринин айдоо жерлери болбосо албетте, мал багыш оңой эмес. Бизде айдоо жерлердин көпчүлүгү майда-барат болуп бөлүнүп, сатылып, өзгөчө Чүйдүн тегерек-чети жаңы конуштарга толуп кетти. Баштагыдай чоң-чоң уй фермалары жоголгон. Тез арада мамлекеттик программа аркылуу бул көйгөйгө жалпылап жакшы киришпесек, алдыдагы 10-15 жылда көйгөй жетчү чегине жетет. Биз эт, жумуртка, сүткө болгон импортту бүгүн токтотпосок, эртең кеч болуп калаарын билдирем. Бизди бул жагынан казактар, кытайлар “басып коюп” жатат. “Кыргызстан мал киндиктүү өлкө” деген атыбыз кургак гана сөз болуп баратат. Бизге Бразилия, Аргентина, Монголия, Кытай баштаган өлкөлөрдөн эт импорт болуп келет. Бул эмне деген шумдук? Куру дегенде эт менен өзүбүздү-өзүбүз толук кандуу камсыз кылышыбыз керек болчу. Бизде азыр эт багытындагы кара жүндүү кыргыз койлору көбөйүп кеткен. Бул койлордун эти бааланганы менен жүн, терисин эч ким албайт. Айылдарда сугат маалында кулак байлаган куралга айланып калган. Ошондуктан, тез арада союз учурундагыдай ак жүндүү меринос породасындагы койлорду көбөйтпөсөк болбойт. Койлордун мындай түрүнүн эти менен кошо жүнү да жакшы бааланат. Биздин шартка да жакшы ыңгайлашып кетет.

— Жакында Президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен 2030-жылга чейин өнүгүүнүн стратегиялык пландары кабыл алынды. Дал ушундай мамлекеттик программаларга айыл чарбасы боюнча сунуштарыңарды сунуштап, жардам берсеңиздер болот беле?

— Ооба, Президент Садыр Нургожоевич тарабынан 2030-жылга чейинки абдан жакшы программа кабыл алынды. Ал программанын айыл чарба бөлүмүндө алдыга карай максаттуу пландар, реалдуу жагдайдагы иш пландар камтылганы эң жакшы көрүнүш. Ушул программага ылайык алдыда иштер башталат. Ошол иштерде сүттү кайра иштетүү ишканалары камтылса жакшы болмок. Азыр бизден өндүрүлгөн сүттөрдүн көпчүлүгү Казакстанга кетүүдө. Ушул маселе эске алынса жаман болмок эмес. Буга кошумчалаар сөз, өлкөбүздө эт гана иштетилбей, эттен чыккан сөөктөрдү майдалап, иштетип алсак жыйынтыгы сонун болмок. Бул жагынан биздин реалдуу жагдайдагы сунуштарыбыз бар. Анын баары кагаз бетине түт келбейт. Бул маселени өзүнчө сөз кылсак жарашат.

Калыгул Бейшекеев