Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо аяктады.
Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 20 миң 169 адам катышкан (15,85%). Шайлоодо жалпы 24 талапкер депутаттыкка ат салышты.
Автоматташтырылган башкаруу системасынын (АСУ) жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкерлер:
• Кубанычбек Самаков — 5 273 (26,14%);
• Русланбек Тагаев — 3 831 (18,99%);
• Аскар Алмаз уулу — 2 630 (13,04%).