"Эркин-Тоо"
Дүйнө Дүйнө дүбүртү Жаңылыктар

Ли Чжэ Мён Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо 49,4% менен жеңишке жетти

Түштүк Кореяда өткөн президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңишке жетти. Ал шайлоочулардын 49,4 пайыз добушун алды. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттигине шилтеме берип, kommersant.ru кабарлады.

Анын атаандашы, «Жарандык күч» партиясынан Ким Мун Су 41,15 пайыз, Реформа партиясынын талапкери Ли Чжун Сок — 8,34 пайыз, Эмгек демократиялык партиясынан Квон Ён Гук — 0,98 пайыз, ал эми көз карандысыз талапкер Сон Чжин Хо — 0,1 пайыз добуш алышты.

Белгилей кетсек, бул шайлоо 2024-жылдын декабрында мурдагы президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялангандан кийин дайындалган. Баштапкы пландоо боюнча шайлоо 2027-жылы өтүшү керек эле.