Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер жөнүндө толук маалыматтарды камтыган бирдиктүү портал иштеп чыгышты. Лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер тууралуу маалымат төмөнкү шилтемеде: http://www.elicense.gov.kg/. Бул порталда ишкер иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык уруксат кагаздары жана жол-жоболор жөнүндө маалыматтар камтылган. Анын ичинде каалаган белгиленген формада уруксат берүү, мамлекеттик реестрлерге киргизүү, атайын укук берүү жөнүндө маалыматтар орун алган.