"Эркин-Тоо"

ЛИРИКАЛЫК ЫРЛАРДЫН ХАНЫШАСЫ МАМАШОВА

Гүлсүн Мамашева уулу Марат менен
XX кылымдагы сүйүү менен сулуулуктун символу

“Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм…”

Шыңгыр үнү көңүлдү черткилеп, жанды эргиткен, кыргыз аялынын улуулугун, сулуулугун берген ак элечекти кийип, бешмант жамынган ажарлуу келин ырдап жатат. Турмуштан кагуу жей элек, жашоодон, сүйүүдөн көңүлү кала элек аялзатынын жаштыгына, демине нан бышып, көзү оттой күйгөн аялдык бактысына, сүйүүсүнө суктанбаган жан жоктур… Дасторкон четинде ойноп-күлүп олтурган улуу-кичүү, аял-эркек ырдын авазына бериле ансайын кыйкырык-сүрөөн менен дуулдай коштойт. Аңгыча ырдап жаткан асылзатты телмире тиктеген муңайыңкы Карабалтаны көрөбүз. Мына ушул суйкалган аялзаттын шаанисине шай келген керемет үнү, акактай ажары, эрке кыял назы тасманын маңызын андан ары тереңдетип, профессионалдуулугун арттырат, өлбөстүккө дагы бир кадам жакындатат… Жеке ырчынын гана эмес, “Ысык-көлдүн кызгалдактары” тасмасынын ышкыбоздорунун катарын калыңдатууга чоң таасир этет. Белгилей кетүүчү нерсе, Гүлсүн эжебизге Жараткан ар тараптуу талантты марттык менен бергенине ынанасың. Ал Нарын облустук музыкалык драма театрында эмгектенип жүргөн мезгилинде Ж.Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасында Зулайканын, Ж.Бөкөнбаевдин“Алтын кыз” музыкалык драмасында Чынардын, Ч.Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде коюлган “Делбирим” спектаклинде Аселдин образын сахнага алып чыккан. Биз бүгүн сөз кылып жаткан тасмадагы жылдыз маңдай келиндин образы ырчылыгына тете актёрдук талант шыбага дагы эжебизге буйрук-насип болгонунун бир белгиси эмеспи.

Тасмаларга тартылганга нечен ирет сунуш түшкөн…

Талант деген – касиет. Ал эми жаштык – талантыңды күлүктөй таптап, наристедей багып, көздүн карегиндей сактап, качан жетилген учурунда тулпардай туйлатып же канат-куйругун таранган шумкардай жаркылдатып алып чыга турган Улуу Жараткан өзү маңдайыбызга чийип койгон улуу белек. Гүлсүн эже ырчылык менен актрисалыкты кош канаттай кагып тутуна турган, эки өнөрдүн тең тереңине сүңгүп, элдин жүрөк толтосуна жеткен образдарды жаратканга кудурет-дарамети жете турган жаш талант эле. Бирок, Кудай аялды жаратканда бала төрөө, наристе жерден боорун көтөргүчө аны багуу, эмизүү, бирди эле эмес, бир канча баланы ушундай айлампа менен адам катарына кошууну парз кылган экен. Өзү али балалык дүйнөнүн оюнуна сонуркоосу тарай элек, балалык кыялдан бөлүнө элек 17 жаш кезинде кыргыз кино өнөрүнүн жана адабиятынын үлкөндөрү Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Төлөмүш Океевдер Нарын драма театрынын таланттуу режиссёру, жашы отузга келгиче үйлөнө элек Бообек Ибраевге ала качып беришет. Бообек агабыз “артисттен кыз албайм” деп убада берип койгон экен. А бирок Фрунзе калаасына келип, андагы башкы театрда жаңыдан эмгектенип жаткан “кыял-назы шумдуктуу, укмуштуу” кыз Гүлсүндү (театрдагы артисттер сүймөнчүк менен “шумдук кыз” деп коюшчу тура) көргөндө баягы айта жүргөн убадасын унутат дагы, “ушул кызды алам” деген сөз оозунан чыгып кетет. Ошентип, 17 жашында турмуш босогосун аттаган ырчы үч перзенттүү болот. Бир жагынан балдардын түйшүгү болсо, экинчиден элге төбөсү көрүнүп калган күйөөсүнүн жакасын агарта, куштай сылап-сыйпап кийимин, тамагын белендеп, үй-бүлөсүн аздектеп күтүү түйшүгү эки өнөрдүн тең ысыгына күйүп, суугуна тоңгонго бир жагынан тоскоолдук кылат. Гүлсүн эжени киного тартууну арзуу кылган режиссёрлор көп болот. Азыр биз тамшанып көрүп жүргөн кыргыз кинолоруна башкы ролду ойногонго биринин аркасынан биринен сунуштар түшөт. Аялдын ата-энеден кийинки коргоочусу, колдоочусу, чеби, беги эр болот дегендей, үй-бүлө башчысы сунуштан баш тартып, ыраазылык бербей койгонбу, киного чакырган режиссёрлордун сырдуу дымып калышы, ырдаса ырга, ойносо ролго тойбой турган таланттуу жанга табышмак бойдон кала берет.

Лирикалык ырларды аялзаадалык асылдык менен аткарган…

Өткөн жылдын 3-ноябрында ыр жандуу элибиздин “сөөгү таза, бою алтын” кызы Гүлсүн Мамашева 75 жашка толуп, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп өттү. Гүлсүн эже 75 жылдык мааракесинде чыгаан өнөрпоздордун курчоосунда ортодон ханышадай орун алып, өңчөй өнөр адамдары ошол ирмемдерде керемет баарлашууну башынан өткөрүштү. Кечеде Гүлсүн Мамашеванын ыйык сахна астанасын аттагандан бүгүнкү күнгө чейин ар кыл басып өткөн жолу жөнүндө замандаштары кызыктуу кеп салып беришти. Учурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөзүндө Гүлсүн эженин эч кимде жок кылыктуу, жагымдуу көз карашын “кыргыздын ар бир жигитине тийише тиктеген көз” деп тамашага чалды. Ал эми залкар обончу Түгөлбай Казаков: “Мыскал Өмүрканова, Долондун аскаларын титиреткен Сагыйпа Чечейбаева эжелердин ырдоо манераларынан айырмаланып, Гүлсүн эже лирикалык ырды кантип ырдаш керек экендигинин эрежесин кылдат иштеп чыккан десек болот. Бала кезимде айылда сыналгы көрүп отурганда эже ырдап чыга калса, ордунан тура калып кыйкырып ийгендерди көрүп калдым. Лирикалык ырдагы ички драматургияны ажарына чыгара аткарган чеберчилиги үчүн, ар бир ыры угармандардын жүрөгүнө жетти. Эжедеги “жигиттин баарын жинди кылган” күч ушул лирикалык ырларды аялзаадалык асылдык менен аткара билгендигинде болуп жатпайбы. Үнүндө, көз карашында, кыймыларакетинде өзгөчө аялзаттык асылдык менен шөкөттөп келип, үн десе эле кыйкыра бербей, ченеп, назик ырдап, мүнөзүнө жараша колдонгонду абдан өздөштүргөн. Эженин дагы бир чоң касиети – ырчылык кадырын ырдан-ырга көтөрө турган чыгармаларды тандаган. Ырчылардын баарында эле ыр тандоо табити ойдогудай боло бербейт. Начар ырлар ырчынын кадырын түшүрүп коёрун Гүлсүн эжебиз жакшы билген” деп залкар обончу кечеде сөздүн төрөсүн айтып өттү. Чынында эле, эженин бул көз карашы мырзалардын сезим отун жандырып, суктандырган ажайып көз караш экенин байкап, баалабаган кыргыз жоктур. Мына ушул “Гүлсүндүк” өзгөчө эн тамга, өзгөчө белгини биз эженин аткаруусундагы ар бир ырынан көрө алабыз. Анын тагдыры ырчылык өнөр менен ширелишкен алгачкы күндөрдөн тарта, чыгармачылыкка жасаган өзгөчө мамилеси эжени эң алдыңкы ырчылардын сап башына чыгарды. Эженин келишимдүү бой-турпаты, адамды суктандырган аялзаттык ажары, адамга байкалып турган асылкечтик адептүүлүгү калың элдин катмарына “Гүлсүн, Гүлсүн” болуп таанылышына шарт түздү. Элдин көңүлүн делбиретип, сезимин козгогон ырлар менен репертуарын байытты. Жан дүйнөдөгү күүгүмдү сүрүп ийип, шоола чачып жиберген касиетти ырдан таба албаса, ырдын санын көбөйткөндү жактырган жок. “Чыныгы маданият, искусство чен-өлчөм менен бааланбашы керек. Бир эле чыгарма менен тарыхта калган залкар инсандар жок эмес” дейт эл сүймөнчүгүнө айланган ырчы.

Ырдын санына эмес, сапатына кам көргөн

Гүлсүн Мамашева чыгармачылыгын аздектеп, астейдил мамиле жасаган. “Калыйбек Тагаев, Жумамүдүн Шералиев бейтааныш ырлардын кайрыктарын аккордеондо кайрып же кыңылдап ырдап жатканда жан дүйнөмдү козгоп өткөнүн байкап калсам: ушул ыр мага абдан жагып калды деп дароо өзүмө алчу элем. Үнүмдөгү өзгөчөлүгүмдү, ырдоо манерамды жакшы билген обончулар Калыйбек Тагаев “Сенин элесиң”, “Жаштык вальсы”, Жумамүдүн Шералиев “Кыштак четинде”, “Ырдап кой”, Мукан Рыскулбеков “Издейм сени” аттуу чыгармаларын мени аткарсын деп атайын мага арнап жазышкан” дейт каарманыбыз.

Хандан-бектен кайра тартпаган…

Ооба, талант адамды көккө жеткиргенге кудурети жеткен касиет. Бирок, талантка гана сыйынып, башка адамдык сапаттарын жетилткенге эмгектенбей, маани бербей койгондук – адамдын коомчулуктагы кадыр-сыйынын бошоңдошуна алып келээри бышык. Биздин каарманыбыз Гүлсүн Мамашеваны “Кудай бар тарабынан айтып койгон тагдырдын эркеси” деп айтканыбыз дагы жөндүү сөз. Эже менен ушул макаланы даярдоодон мурун убакыт-саатты аябай узак олтуруп сүйлөштүк. “Кээде автобуска түшүп-чыкканча эле кимдин-ким экендиги билинип калат” деп калаада жашаган бир өнөр адамынын айтканына ынангым келет. Гүлсүн эже менен маектешкен ушул сааттарда эженин тубаса тунук акылын, бийик интеллектуалдык деңгээлин, көрөгөчтүгүн, адамды бир көрүп баамдаган кыраакылыгын, түз сүйлөгөн калыстыгын, КРнын эл артисти Түгөлбай Казаков баа берип өткөндөй “хандан-бектен кайра тартпаган өткүрлүгүн” алдыртан баамдап олтурдум. Гүлсүн Мамашева учурда Кыргыз Улуттук Филармониянын администрациясында эмгектенет. “Карылыкты кабыл ала билип, сахнаны жаш ырчыларга беришибиз зарыл. Жаштар ырдабай отуруп, сахнанын артында карып кетпеши керек” дейт калыстыкты туу тутуп жашаган XX кылымдын легендасына айланган айтылуу Гүлсүн Мамашева.

Афина БАКИРОВА
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 12-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!