"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

«Ливерпулдун» футболчусу Диогу Жота жол кырсыгынан каза болду

Бүгүн, 3-июлда «Ливерпуль» футбол клубунун жана Португалиянын улуттук курама командасынын чабуулчусу Диогу Жота 28 жашында жол кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу Испаниядагы Marса спорттук маалыматтык сайты жазды.

Кырсык Испаниянын Замора провинциясындагы унаа жолунда болгон. Футболчу өзүнүн иниси, 26 жаштагы Андре Жота (профессионал футболчу) менен чогуу бара жаткан. Күбөлөрдүн айтымында унаа башкаруудан чыгып, жол четинен оодарылып, андан кийин күйүп кеткен. Эки бир туугандын тең окуя болгон жерде каза болгондугу айтылды.

Сүрөт: www.championat.com