"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 талапкер арыз берди

Кечээ, 30-октябрда, саат 18:00 дө 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады.

Жалпысынан 589 талапкер көрсөтүлдү, алардын 365и эркектер болсо, 224тү аялдар.

Бүгүнкү күнгө карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартса, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.