Кечээ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Анкарада Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация кызматынын башчысы Фахреттин Алтун менен жолукту.
Маанилүү маектин жыйынтыгында маалымат айдыңындагы кызматташуунун жаңы келишимине кол коюу сунушу берилди. Мындан тышкары эки өлкө коомчулугун кино жана сериалдарды алмашуу аркылуу ары кызыктуу, ары пайдалуу контент менен камсыз кылуу аракетин ишке ашыруу боюнча конкретүү кадамдар белгиленди. Ошондой эле Фахреттин мырза жакынкы арада медиа кызматташуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Бишкекте ТРТ каналынын кеңсесин ачуу демилесин сунуштады. Ошону менен катар эки өлкө ортосундагы достуктун символу катары жемиштүү иш алып барып, Орто Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кирген Кыргыз-Түрк Манас университетинин билим берүүдөн сырткары, маданий чөлкөмдө да маанилүү борбор иретинде кызмат өтөөрү белгиленип, бул багытта орток долбоорлор боюнча кызматташууга даяр экенин кошумчалады. Фахреттин Алтун аталган университеттин камкорчулар кеңешинин төрагасы катары бардык тараптан тыгыз иш алып барууну демилгеледи.
Ошондой эле сүйлөшүү учурунда, буга чейин КТРК жана ЭлТР каналдарынын кызматкерлеринин ТРТга тажрыйба алмашып келген телерадио кызматкерлери үчүн мүмкүнчүлүк кайрадан улана тургандыгы белгилүү болду.
Кыргыз Түрк маданий кызматташтыгынын жаңы баскычы
Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 13-апрелде Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой мырза менен жоугушту.
Жолугушууда буга чейинки эки өлкө ортосундагы маданий байланыштар талкууланып, кызматташуунун жаңы тараптарын камтыган келишимге кол коюу тууралуу макулдашылды. Түркияда Кыргызстандын, андан соң Түркиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүн белгилөөнүн иш-планын иштеп чыгуу тапшырмасы эки тараптын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылды. Ошондой эле, кино жана театр багыттары боюнча тажрыйба алмашуу жана таанытуу максатындагы иш чаралар жандандырылып, жаңы баскычка көтөрүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле Түрк дүйнөсүндө ар тараптуу, алгылыктуу иш алып келе жаткан Түрк Кеңеши жана ТҮРКСОЙдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө жакындан көмөктөшүү маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.
Мехмет Нури Эрсой мырза Ысык-Көл өрөөнүнө пландаштырылып жаткан Махмуд Кашкари атындагы маданий борбордун курулуш иштерин тездетүү маселесин өз көзөмөлүнө аларын белгилеп, орток мурастарды бүткүл Түрк Дүйнөсүнө таанытууда ар дайым колдоо көсөтүүсүн милдет деп эсептеди.
too.kg/?attachment_id=6416″ class=»wp-image-6416″/>
too.kg/?attachment_id=6417″ class=»wp-image-6417″/>
too.kg/?attachment_id=6418″ class=»wp-image-6418″/>
too.kg/?attachment_id=6419″ class=»wp-image-6419″/>
too.kg/?attachment_id=6420″ class=»wp-image-6420″/>