"Эркин-Тоо"
Жогорку Кеңеш

Маалыматты тескеген мыйзам долбоору кайра каралат

2020-жылы 3-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамына карата каршы пикирге кол койгон. Анткени  анда  коомчулук депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген  бул мыйзам сөз эркиндигине доо кетирет деген сын пикир айткан. Алтургай нааразычылык орун алган. Андыктан 2020-жылы мыйзамга ылайык, өлкө башчынын мыйзам долбооруна карата каршы пикиринен кийин ал  кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган. Дал ушул чуулуу мыйзам долбоору кайрадан коомдук талкууга коюлду.  Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.