"Эркин-Тоо"
№28 2023-жылдын 7-апрели

Маалыматтык коопсуздук, экономикалык коопсуздуктан маанилүү

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун журналисттер, юристтер жана медиа-эксперттер талкуулашып өз пикирлерин билдирип жатышат. Анын ичинен чет жактан “жем” жеген айрым бир топтор “биздин сунушубуз эске алынган жок” деп, баймабай сындап келишет. Мыйзамдын долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын юридикалык жак катары милдеттүү каттоону киргизүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун массалык маалымат каражаттарын түзүшүнө тыюу салуу аркылуу онлайн маалымат агенттиктерин жана сайттарын жөнгө салуу аракетин активдешип жатат дешип кабатыр болушууда. Ушуну менен маалымат жана массалык маалымат каражаттарына болгон укуктар, сөз эркиндиктери кыйла чектелип калат экен.

Эми маселенин ток этер жерин айтканда, деги эле Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги эч жерде жок болсо керек. Ал тургай ээнооздук эбегейсиз кулач жайды го. Азыр ким журналист, ким блогер экенин түшүнүү кыйын. Калк кайсыл маалымат булактарынан ынанымдуу маалымат алышты билбей, башы маң. Ошону менен бирге коомчулук эч кандай такталбаган ушак сөздүн уюгунан чыга албай калды.

Маалыматтык коопсуздук, экономикалык коопсуздуктан дагы маанилүү экенин эске ала турган болсок, массалык маалымат каражаттарын тартипке келтирер учур бышып жетилди. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун биздин өлкөбүздө массалык маалымат каражаттарын түзүшүнө тыюу салууну мындай кой, өзүбүздүн жарандарга адистиги боюнча массалык маалымат каражаттарын уюштурууга Юстиция министрлиги тарабынан артыкчылык берилиши зарыл. Насилинде чыныгы журналист эртең коомдо эмне болот, ошону бүгүн элге жеткире билгендиги менен айрымаланып турушу керек. Ушундан улам, журналист кесибине ээ болгон жаран гезит ачсын, телекомпания уюштурсун. Курулушчу курулуш компанияларын түзсүн. Медиктер клиникаларды иштетсин. Мына ошондо кесиптин баркы өсөт. Ар ким каалаган ММКга ээ боло берсин десек, анда шагыраган журналист адистерди жыл сайын 30-40 миң сомдөн төлөтүп эмнеге окутуп жатабыз? Эгерде, ушул бойдон кете берсек, ар бир ашпозчу маалымат каражатына ээ болот. Ээ болуп деле келатат. Бул маалымат коопсуздугу үчүн опурталдуу көрүнүш. Ошондуктан, ар бир кесиптин теориясы менен практикасын мыкты өздөштүргөн адистер өз ишин жасашы кажет. Мамлекет ошого кызыкдар болушу керек.

Азыркы күндө социалдык түйүндөр дүйнө жүзү боюнча маалымат таратууда үстөмдүк кылып турат. Аны моюнга алышыбыз керек. Демек, ушул тармакты мыйзамдуу жолго салуу мамлекеттин милдети. Веб-сайт болобу, блогерби, ошол эле мамлекет башчыдан баштап, эл депутаттары, бийлик өкүлдөрүнүн социалдык тармактардагы билдирүүсүн мыйзамдык жактан тескеген бир эреже болушу зарыл. Эң башкысы бийлик элитасы, анан жалпы коомчулук ошол эрежеге кынтыксыз баш ийиши шарт. Демек, маалымат каражаттарын жөнгө салган мыйзамдык база керек.

Азыр эмне болуп жатат? Эки сөздү кураштырганды билген, өзүн блогер эсептеген бирөө мамлекеттик мекемелерди түрө кыдырып, коомчулукка бүлүк салып келет. Аны кой деген кожо жок. Деги бул кайсыл мыйзамдын негизинде иш жүргүзүп жатат? Ага мекемелерден маалымат жыйноого, керек болсо жарандарды басмырлоого ким уруксат берди? Ушулбу демократия? Мындайлар көп. Дагы чыгат. Алардын иштегенине эч ким каршы эмес. Бирок, ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керек. Демократиялуу өлкөдө мыйзамдын диктатурасы үстөмдүк кылары белгилүү эмеспи.

Президенттин администрациясы сунуш кылган “Массалык маалымыт каражаттары жөнүндөгү” мыйзамды сындаган эксперттер, жогорку бийлик өкүлдөрү алысты көрө албаган тактиканын натыйжасында донор өлкөлөр акча берүүнү токтотуп коёт деп коркушууда. Ошондо кимге акча бербей коёт, өлкөгөбү, же чет элдик каражат менен жан баккан уюмдаргабы?

Жалпы жонунан, аталган мыйзам долбоорун маалыматтык коопсуздуктун алкагында алып караганда, бийликтин сунушу колдоого арзыйт. Эч ким, эч нерсеге жооп бербеген коомду курууга акыбыз жок. Эгерде, маалыматтык коопсуздуктун негизин түзгөн тармак мыйзамдын чегинде өзүнүн милдетин так аткара албаса, анда биз тандаган система акырындап кыйрап калары бештен белгилүү. Туруктуу маалыматтык саясатты карманган өлкө, туруктуу өнүгүүгө жетишери талашсыз. Ошондуктан, массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү кылдат, калыс каралууга муктаж деп ойлоймун.

Шекербек КАЛЫКОВ
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели