Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта өлкө боюнча маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү кагаз түрүндө берүү токтотулат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалыматта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Түндүк» аркылуу жеткиликтүү болгон маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү кагаз түрүндө берүүнү токтору айтылган. Бирок, 50 жаштан жогорку жана аяр катмарга кирген жарандар документтерди мурдагыдай эле кагаз түрүндө ала алышат.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жергиликтүү жерлерде санариптик кызматтар менен иштөө боюнча жарандарга практикалык көмөк көрсөтүлүп, кеңештер берилерин белгиледи.