ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Узап бараткан жыл элибиздин сыймыктуу акын-жазуучуларынын мааракелик жылы болгону менен эсте калды. Адегенде эле доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси кеңири жана зор салтанат менен белгиленди. Жазуучуга арналган алгачкы иш-чаралар Талас жергесинен башталды. Таласта 11-12-майда Талас мамлекеттик университети, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен бирге «Манас» жана Чыңгыз: улуттук нарк-насил, элдик таалим-тарбия жана ааламдашуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Айтматовдун 95 жылдыгы республиканын жети облусунда кеңири белгиленди. Салтанаттуу иш- чаранын кадырлуу коноктору катары “Чыңгыз Айтматов жана театр” эл аралык фестивалынын, “Биз бир кемедебиз” эл аралык форумунун катышуучулары, Кыргызстандагы бир катар элчилер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чакырылды.
Атактуу турк киносунун султаны, бермети, уламышка айланган актрисасы, түрк элинин Софи Лорени – Түркан Шорай кинодо 200гө жакын ролдорду аткарган. Ал Чыңгыз Айтматовдун “ Делбирим” чыгармасы боюнча тартылган “ Кызыл жоолук жалжалым” көркөм тасмасында Аселдин ролун аткаруу менен ааламдык атак алган. (1977-жыл).
Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Академиянын алгачкы сыйлыгын алган да Түркан Шорай болгон. Сыйлыкты Түркияга атайын учуп келип, Чынгыз Айтматов өзү тапшырган. Ал Кыргызстанга келип Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга катышты.
Маараке маараке менен, бирок улуу жазуучунун туулуп өскөн Шекер айылындагы ачык асман алдындагы музейи каралбай, чөп басып жаткандыгы зээнди кейитет. Жазуучунун айылындагы маданият үйүндөгү музейи деле көңүл жылытпайт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бири-бирине түртүп, ар кайсы шылтоонун башын айтышат. Жазуучунун 100 жылдыгы деле көз ачып жумгуча келип калар. Ага чейин алыс-жакындан келген меймандарга уят болбогондой кылып оңдоп коюшса болгону.
МОЛДО НИЯЗ
Жыл ичиндеги дагы бир орчундуу окуя кыргыздын туңгуч жазма акыны, акын бабабыз Молдо Нияздын 200 жылдыгынын белгилениши болду. Молдо Нияздын өмүрү жана чыгармачылыгы жакынкы жылдарга чейин эле калың журтка белгисиз болуп келген. Акын жөнүндө алгачкылардан болуп академик Болот Юнусалиев атайын макала жазып чыккандан кийин гана Молдо Нияздын чыгармачылыгы адабиятчылар жана сынчылар тарабынан изилдене баштаган.
Кыргыздын чыгаан жазма акыны, ойчулу, философу Эрназар уулу Нияз 1823-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык «Санат дигарасттар» аттуу китептердин автору.
Молдо Нияз өз доорунда кыргыз, араб, фарс жана эски түрк тилдерин жакшы билген, мударис инсан болгон. Үч жерде (Каратегин, Кашкар, Маргалаң) окуу, үч тилди – фарсы, араб, чагатай (эски түрк тилдери) үйрөнүү анын өз мезгилинин өтө илим-билимдүү инсан болуусуна шарт түзгөн
Акын атайын медресе ачып, балдарга ислам окуусун жайылткан, Фергана өрөөнүндө диний билим берүүнү уюштуруп, жаш балдарды араб тамгасы менен кыргызча окуткан. Кысык деген жерде Чоң-Кара-Дабанда үңкүрдө (азыр да «Молдо Нияздын үңкүрү» деп аталат) медресе ачканы маалым.
Көп жерди, көп элди кыдырып көргөн, ошол барган жерлеринен географиялык-климаттык, этнографиялык, фольклордук маалыматтарды, чыгармаларды жыйнаган, өз жазгандарын кол китеп таризине салып элге тараткан. Кашкар, Бухара, Самаркан, Ат-Башы, Жумгал, Каратегин, Өзгөн, Жалал-Абад, азыркыча айтканда, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Кытайдын көп жерлерин көргөн.
Адабиятчы Садык Алахандын айтымында, Совет доорунда Молдо Нияз жөнүндө академик Болот Юнусалиевдин бир чакан макаласын айтпаганда, башка бир да эмгек жазылбаган. Акындын араб арибинде жазылган ырларын кирилицага көчүрүп, өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга жан үрөгөн илимпоз Омор Сооронов «Молдо Нияздын өз колу менен жазып, түптөп жана китеп кылып жасаган 7 колкитеби болгондугун» белгилейт.
Акын өз чыгармаларында өмүр-өлүм, адеп-ахлак,адепсиздик, жаманчылык-жакшылыкка байланыштуу турмуштук-философиялык темаларга, Кокон хандыгынын аймагындагы кыргыздар баштан кечирген тарыхый окуяларды чагылдырып, Алымкул аталык, Курманжан датка, Полот хан сыяктуу журт башчыларынын ишмердиги тууралуу маалымат берет.
ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВ
Быйыл фронтовик акын Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленди. Акындын көзү өткөнүнө карабай быйыл алгачкы жолу негизделген “Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры” ардактуу наамы берилди. Түмөнбай Байзаков мыкты дастанчы, лирик акын, жана Барпы Алыкуловдун чыгармаларын изилдеп, топтоп элге тартуулаган акын катары окурмандардын эсинде калды. Ал ошондой эле эл арасында элдик гимн катары аталган “Кыргыз жери” деген керемет ырдын автору.
ЖУНАЙ МАВЛЯНОВ
Кан күйгөн согуштан аман келген, фронтовик жазуучу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленди. Жунай агайды мен да көрүп калдым. Аны теңтуштары тамашалап “князь” деп коюша турган. Салабаттуу, олуттуу, чачын артка карай тараган Жунай агайдын келбетинен, турпатынан каардуу согуштун тактары сезилип турар эле. Агай согуштан алган жараатынан улам бир бутунан аксап басчу. Бүтүндөй өмүрүн адабиятка, агартуучулукка арнаган Жунай Мавлянводун “Жүрөк”, “Аркыт гүлдөрү”, “Мөл булак”, “Бекиш, сага эмне болду?”, “Күтүү”, “Менин күндөлүгүм” “Ачык асман”, “Келе колуңду”, “Чагылган”, “Нан”, “Турмуш” ж.б. поэзия жана проза жыйнактары жарык көргөн. “Ачык асман”, “Бийиктик”, “Жаңы таң” романдары жана башка аңгеме, повесттери украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех тилдерине которулган. Быйылкы жылы ошондой эле Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун 90, жазуучу, драматург Меңди Мамазаированын 80 жылдыгы белгиленди.
“АЛТЫН КАЛЕМ” СЫЙЛЫГЫНЫН ЧУУСУ
Узап бара жаткан жыл акын-жазуучулардын мааракесине бай жыл болду. Бирок, жыл соңунда Жазуучулар Союзу өткөргөн “Алтын калем” сыйлыгы акын-жазуучулардын нааразычылыгын жаратты. Анда окурман журтуна белгисиз Молдоакмат Бапаков деген адамдын сыйлык алышы жана бул автордун конкурска жиберген ырларынын арасынан казактын белгилүү акыны Мухтар Шахановдун ырынын чыгышы интернет сайттарды дүң кылып жиберди. Молдоакмат Бапаков Шахановдун “Махабатты коргоо, же ашыктар жазган каттардан” деген ыр топтомуна кирген ырлардын ичинен үч куплетти көчүрүп алып, ал ырга “Сен” деген ат коюп, өзүмдүк кылып алган. Бул плагиаттыкты биринчилерден болуп акын, журналисттер Элмира Ажыканова менен ушул макаланын автору таап чыгып, шардана кылышты. Тилекке каршы Жазуучулар Союзу бул алешемдикке ачык, так жооп бере албады.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№104 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 29-декабры