16-январь күнү Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын «Маариф» фондунун өкүлү Садык Доган жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык менен жолугушту. Жолугушууда жакында эле Сапат билим берүү мекемелеринин «Маариф» фондунун карамагына өткөрүлгөн тууралуу сөз болду.
Азыгалиев «Сапаттын» жетекчилиги алмашканы андагы окуу сапатына таасир этпеши керектигин белгиледи.
«Маариф» фондунун өкүлү аталган мектептердеги азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, алар кадимкидей иштеп жатканын, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Ошондой эле фонд жакынкы аралыкта мектептердеги билим сапатын жогорулатуу үчүн 2,5 млн доллар сарптоону көздөп жатканын кабарланды. Бул акча мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, имараттарды оңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жумшалат. Мындан тышкары, алардын маалымдашынча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн мыкты мугалимдер чакырылат.