"Эркин-Тоо"

«Маариф» фондунун мектеби ачылат

Түркиянын «Маариф» фонду жаңы окуу жылына Бишкекте мектебин ачканы турат. Бул тууралуу кечээ, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Маариф» фондунун жетекчилиги менен жолугушканда белгилүү болду. Мектептин аянты 11 миң чарчы метрди түзөт. Анда 61 класс тийиштүү жабдуулар менен камсыздалат. Белгилей кетсек, бул мектепте окутуу Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик стандарттары боюнча кыргыз, түрк, орус тилдеринде жүргүзүлүп, англис тили үйрөтүлөт. Тилдерден тышкары, табигый илимдерди (химия, физика жана биологияны, гуманитардык илимдерди, жаңы технологияларды жана маданиятты окуп-үйрөнүүгө багыт берилет. 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!