"Эркин-Тоо"

МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАР МАМИЛЕНИ ЧЫҢДАЙТ

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду. Жолугушууга Түркия Республикасынын мурдагы Президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы Президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты. Казакстандын Мамлекет башчысы конокторду 20-21-декабрда, Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ар тараптуу кызматташтык жана маданий иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту, ынтымакты чыңдай тургандыгын баса белгиледи.