Акыркы жылдары Өзбекстан менен болгон маданий байланыш чыңдалып бара жатат. 18-22-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрү өттү.
Маданий күндөргө Кыргызстандан 200дөн ашуун өнөр адамы барып, кыргыздын искусство чеберлеринин концерти, кол өнөрчүлүгү, сүрөт искусствосу, кыргыз кинолору, улуттук бийлери жана спектакли тартууланды.
Маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстан Республикасынын Жазуучулар союзунда кыргыз-өзбек коомдук жана маданий ишмерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Ал эми Навои атындагы кинотеатрда Кыргыз киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы болду.
“Көгүлтүр күмбөздөр” маданий сейил багында Улуттук “Манас” театры тарабынан курулган кыргыз айылынын ачылышы ташкенттиктердин жана шаар меймандарынын зор кызыгуусун пайда кылды. Өзбекстан Мамлекеттик консерваториясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин концерти тартууланды. Мукимий атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын “Саманчынын жолу” спектакли көрсөтүлдү.
Ташкент шаардык “Көгүлтүр күмбөздөр” маданий сейил багындагы “Кыргыз айылында” Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрүнүн гала-концерти жана Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы болуп өттү.
Өмүрбек Тиллебаев