Ош, Өзгөн, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында маданият тармагында иштеген 70ке жакын кызматкер министрликтин сыйлыктары жана Ардак грамоталары менен сыйланды. Сыйлыктарды Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков тапшырды.
Аземде китепкана, театр, музей, билим берүү мекемелери, филармония жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлери кесипкөйлүгү жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланышты. Надырбеков аймактардагы эмгек жамааттарынын маданиятты өнүктүрүүдөгү ролу чоң экенин айтып, алардын алдыдагы иштерине ийгилик каалады.
Белгилүү болгондой, Маданият күнүнө карата буга чейин министр Мирбек Мамбеталиев Бишкек жана Чүй облусунда 200гө жакын кызматкерди сыйлаган.

