"Эркин-Тоо"

Маданият министрлигине Кыргызстандын жаңы гимни боюнча 16 долбоор түштү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Кыргызстандын жаңы гимнинин 16 долбоору келип түштү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

Ал өзгөртүүлөр менен комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2025-жылдын 21-апрелине чейин узартуу сунушталып жатканын белгиледи.

Муну менен катар баяндамачы аталган токтомду ишке ашыруу боюнча уюштуруу-техникалык маселелерге токтолду. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун кабыл алуу боюнча техникалык жумушчу топ түзүлдү.

«Бүгүнкү күндө кайрылып келген жарандардан 16 долбоор катталып, кабыл алынды. Ал эми электрондук дарекке 234 жарандан 401 кайрылуу жана сунуштар келип түшүп, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Пример HTML-страницы