"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Маданият министрлигинин кызматкерлерине планшеттер тапшырылды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев министрликтин кызматкерлерине 20 даана планшет тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Планшеттер көчмө, координациялык жана аналитикалык иштерге тартылган бөлүм башчыларына ыйгарылды.

Министрлик мындан ары дагы санариптик технологияларды ишке киргизүүнү улантарын белгиледи.