"Эркин-Тоо"

МАДАНИЯТ – ЫНАК МАМИЛЕНИН ДАНАКЕРИ

Эки өлкөнүн ортосундагы достук жана маданий алакаларды чыңдоого багытталган, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында өткөн Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган иш-чаранын программасынын алкагында Москвадагы «Поклонка» кинотеатрында белгилүү кыргыз тасмалары көрсөтүлүп, илимпоз Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары жана Кыргызстан менен Россиянын интеллигенциясынын форуму, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн «Кылымдар мурасы» көргөзмөсү болду. Андан кийин гала-концерт коштолуп, мекендештер менен жолугушуу өткөрүлүп, соңунда драматург Б.Жакиевдин «Саадат какты» спектакли көрсөтүлдү. Чыңгыз Айтматовго арналган спектакль, кыргыз искусство чеберлеринин концерти жана маданий концерти көрөрмандарды кубанычка бөлөдү. Мындай маданий иш-чара Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп берди. Россия Федерациясындагы Маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышып, алгач Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун видео кайрылуулары менен башталды. Анда эки мамлекеттин лидерлери бул маанилүү окуя менен куттуктап, эки элдин ортосундагы маданий кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достугунун маанилүү аспектиси болуп кала берерин жана тыгыз кызматташуусу мындан ары да бекемделерин билдиришти.

Майрамдык кечеде Кыргызстандын жана Россиянын белгилүү чыгармачыл топтору жана аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулады. Кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган “Манас” эпосунун үзүндүлөрү, этнографиялык-фольклордук “Камбаркан” ансамбли, фольклордук этнографиялык “Ордо-Сахна” ансамбли, “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, ошондой эле элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү.

Кыргызстанда жогору алкоолорго ээ болгон кыргыз режиссерлорунун тасмаларын көрүүчүлөргө тартуулоо ишчарасынын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын маданият министри Ольга Любимова катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Салтанаттуу кече “Кыргызстан-Россия” аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталды. Маданий кечеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн толук курамы, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки мамлекеттин жарандары жана маданият кызматкерлери чакырылган.

 

Шекербек КАЛЫКОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!