"Эркин-Тоо"

Аскат Мусабеков: “Өмүрлөшүмө” чыгармасы жубайым экөөбүздүн “визиттик картабыз” болуп калды”

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Аскат Мусабеков

-Аскат мырза, “күлүктү күлүк кылган анын саяпкери” деген сөз бар го. Сиздин саяпкериңиз, устатыңыз Улукмырза Полотовдун баалуу кеп-кеңештерин, эсиңизден чыкпаган мамилеси жөнүндө айтып берсеңиз?

-Мен устатымын колуна 18 жашымда келдим. Бүгүнкү күнгө чейин терең байланыштамын, үйрөнөм, окуйм, кеп-кеңештерин алып, сын-пикирин угуп турам. Ата-энеме кандай карыз болсом, агайга да ошондой карызмын деп эсептейм. Агай жеке гана музыкага тиешелүү билимди үйрөтпөстөн бизге адам болгонду да үйрөттү. Турмушта устат эле эмес, кайсы бир деңгээлде бизге ата да болуп калды. Агайдын мамилеси, мээрими эсимден кетпейт. Мен 2-курста окуп, жатаканада жашачу элем. Бир күнү демейдегидей эле агайдын сабагына келсем, мени карап туруп “тамак ичтиңби?” деди. Мен уялып “жок” дедим. Чөнтөгүнөн акча алып чыгып “алдына түшүп, ашканадан тамак ичип кел, сабакты ошондон кийин баштайлы” деп колума акча карматты. Мындай көрүнүш андан кийин да бир нече жолу кайталанды…

-Сиз аткарган ар бир ыр калың журттун жүрөгүнөн түнөк таап, сүймөнчүк ырларга айланууда. Келинчегиңиз Миргүл Асаналиева экөөңүздөр аткарган “Өмүрлөшүмө” аттуу чыгарма дагы эл сүйгөн ырлардын бири болуп калды. Бул чыгармага кантип токтолуп калдыңыздар, авторлору Каныбек Иманалиев менен Майрамбек Осмонов сиздердин аткаруу чеберчилигиңиздер жөнүндө пикирлерин билдириштиби?

-Бул ыр Миргүл экөөбүздүн визиттик карточкабыз деп койсом болот. Бул чыгарманы биз баш кошор жылы жаздырганбыз. Дуэт аткаргыбыз келип жүрүп, ушул ыр биздин жан дүйнөбүзгө жакын экенин баамдадык. Бул чыгарманы студент кезимден аккордеондун коштоосунда ырдачумун. Ырдаардын алдында Майрамбек Осмонов, Каныбек Иманалиев агайлардан автор катары уруксат сурадык. Ырдап чыккандан кийин эки агай тең абдан жакшы сөздөрүн айтып ыраазычылыктарын билдиришти. Буюрса, биздин репертуарыбыздагы  уккулуктуу, элге жакын чыгармалардын бири болду десем жаңылышпайм.

-Чыгармачылыктын босогосун аттаган күндөн бери жалаң мыкты ырларды тартуулап келесиз. Ыр тандоодо бирөө менен кеңешесизби?

-Ырчы үчүн ыр тандоо деген өтө чоң, негизги маселе. Тилекке каршы кээ бир ырчылар бул нерсени аңдабайт. Үнү жакшы таланттуу ырчылар өзүнө шайкеш келген ырларды эмес, үнүнө жарашпаган чыгарманы ырдаган себептүү арабөк калган учурлары көп эле кездешет. Консерваторияда мугалим болуп иштей баштаганыман бери ыр тандоодо мурдагыдан да терең ойлонуп, студенттеримди өзүнүн үнүнө, кулк-мүнөзүнө, табиятына, дүйнө таанымына жараша ырларды тандап берем. Менин ыр тандоо табитимдин калыптанышына Улукмырза агайымдын агайымдын эмгеги чоң. “Асман учкучтун жаңылыштыгын кечирбейт” деген кеп бар эмеспи. Ырчы үчүн репертуар тандагандан  адашып калуу – учкуч асманда жаңылгандай эле кечиримсиз иш деп айтар элем.

-Буюрса, жакын арада жаңы концерт тартуулап, күйөрмандарыңызды кубандыруунун алдында турасыз. Бул концертте кандай жаңылыктар, өзгөчөлүктөр бар?

-Эсиңиздерде болсо, былтыр дагы 6-майда концертибизди бергенбиз. Кудай буюрса жаз мезгилинде көрөрмандар менен көрүшүүнү салтка айлантып алалы деген изги тилегибиз бар. Бир жыл ичинде концерттик программаны иштеп чыгыш бир топ түйшүктү жаратат экен. Муну чыгармачылыктын казанында кайнаган адамдар жакшы билет. Быйылкы концертте чыгармалардын 70-75 пайызы жаңы болот. Элдин кулагынын кумарын таркаткан, эл сүймөнчүлүгүнө айланган ырлар менен репертуарыбызды байыттык, жаңыладык. Андан сырткары, түркчө, орусча ырлар дагы аткарылат.

-Ырчылар китеп окушабы, сиз учурда кандай чыгарманы окуп жатасыз?

Китеп окуган ырчылар бар, окубагандары дагы жок эмес. Маектешип жатканда эле ким китеп окуйт, ким окубайт журналисттерге белгилүү болуп калса керек. Сөз байлыгын кеңейтип, дүйнө таанымын байытып, ой жүгүртүү жөндөмүн курчуткусу келген артисттер китепке кайрылат деп ишенем. Окуп отурганга убакыт жетпесе, аудио китептер дагы абдан көбөйдү. Замандын талабына жараша бул мүмкүнчүлүктү жакшы пайдалансак болот. Мен унаада кетип баратып эле угуп коём. Азыркы учурда Чыңгыз Айтматов атабыздын “Тоолор кулаганда” аттуу романын кайрадан кайталап , “Грузия кантип өнүктү?” деген китептерди катар окуп жатам.

Афина Бакирова

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!