Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жана ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Экономика жана коммерция министрлиги 2023-2026-жылдарга «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Программада текстиль жана тигүү, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк, бут кийим; жемиштерден жана жашылчалардан даяр азыктар; жаңгактан жана буурчактан даяр продукция; даяр кургатылган азыктар; бал жана бал азыктары; сүт азыктары; эт азыктары; балык азыктары; зергер буюмдары; алкоголсуз, анын ичинде улуттук суусундуктарга артыкчылык берилген. Ошону менен бирге экспортту стимулдаштыруу жана жылдыруу; соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү; сапаттуу инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү; финансылык ресурстарга жетүү каралыптыр. Аракеттер жакшы.
Кыргыз бизнеси буга чейин “өзүнүн киндигин өзү кесип” келгенин эске ала турган болсок, кийим тигүү тармагы, “Шоро” компаниясы баш болуп чыгарган суусундук продукциялары эл аралык рыноктон ордун таап, өзүнчө бренд катары таанылып калган. Андан башка бал жана бал азыктары дүйнөлүк базарларда баалана баштады. Ал тургай кечээ жакында эле Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров мырза “Россия 24” телеканалына берген маегинде, «…Бирок мен үчүн биринчи орунда «Кыргыз вискиси» турат» деп шардана кылганын эстейли. Бул дагы зор жетишкендик. Бирок, мындай жетишкендиктерге мурунку жана азыркы бийликтин түздөн-түз катыштыгы бар деп айтууга али эрте. Эгерде, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин эскерүүсүнө назар сала турган болсок, ийгилик өзүнөн-өзү келе калбаптыр. Ишкерликке бут тоскон бюрократия, ыксыз текшерүүлөр түзүк эле кыйнаган экен. Демек, ошол учурдагы бийлик бизнестин өнүгүшүн үзүлө түшүп колдогон эмес.
Арийне, Экономика жана коммерция министрлиги сунуш кылган программада артыкчылык берген тармактын продукциялары “Кыргызстанда жасалган” бренд менен эл аралык рынокто таанылганы менен канчалык деңгээлде киреше берери күмөн. Себеби, өндүрүш процесси жакшы жолго коюлган эмес. А балким программанын негизги багыты өндүрүштү жандандырууга жол ачууну көздөп жаткандыр. Азырынча ал жагы табышмак.
Менин пикиримде өлкөдө ири өнөр жай болгон машина куруу тармагына үстүртөн мамиле жасалып жаткандай. Ишкерлер инвесторлорду таап, автобус, автоунаа жана башка зарыл болгон техникаларды чыгарууга аракет кылып жатышканы менен алардын продукциясына кызыккан жан жоктой. Маселен, «Белес.KG» компаниясынын башкы директору Мирбек Аскалиев Economist.kg сайтына берген маегинде, алгачкы топтоштурган автобустары сертификациядан өтүп, уруксат берүүчү кагаздары бар экен. Эгерде Бишкек шаардык мэрия тендерге катыштырса баасын деле сүйлөшмөкпүз дейт. Бирок, шаардык мэрия Кытай мамлекетинин өндүрүшүнөн чыккан автобустарды алуу чечимине келишти. Канткен менен автобустарды чыгара турган атамекендик өндүрүштү угуп коюш шарт беле дейм. Оштогу “Каганат Инвест” холдинг компаниясынын “Кыргыз Унаа Курулуш” ишканасынын базасында чакан автоунаалар чыгарыла баштаганын жарнама кылышкан. Ал компаниянын дагы ындыны өчтүбү, билинбей калды. Кечээ эле “Ками моторс” аталышындагы кыргыздын автоөндүрүшчүсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө жүк ташуучу автоунаасын сатууга уруксат алган сертификатка ээ болгонун билдирди. Жылына 1000 автоунаа чыгара алышат экен. Бул ишкана деле ата мекендик өндүрүшчү катары колдоого ээ боло алар бекен? Же болбосо Кыргызстанда алгачкылардан болуп лифт өндүрүшүн жолго салган ишкер Рахат Жунушбаеванын продукциясы деле ата мекендик өнөр жай катары көп деле маани берилбегендей элес калтырат. Өткөн жылы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен Ош шаарына Өзбекстандын өндүрүшүнөн чыккан 50 автобус сатып алынды. Өзгөнүн акчасына өзгөнүн өндүрүшүн колдогон фонддун канчалык зарылчылыгы бар?
Туура, өнөр жай өндүрүшүнө талап катуу болушу керек. Ошону менен бирге ата мекендик өндүрүштү колдоо зарыл го. Кытайда социалисттик режим экономикалык кыйынчылыкты башынан кечирип жатканына карабастан жеке ишкерликке уруксат берген эмес. Мындай шартта аймактарда нанга жетпеген эл “Адидас” жана башка бренд компаниялардын үлгүсүн алып, өзүнчө ишкердүүлүк кылып товар чыгара баштаганын көрүп, алардын иштешине шарт түзүп, мына ошонун шарапаты менен бир өлкөдө социалисттик жана капиталисттик системаны жаратышкан. Кыргызстанда социалдык адилеттүүлүккө артыкчылык берип, өмүр бою казынага бир тыйын төлөбөгөн адам, “Менин пенсиям аз!” деп дооласа ага көңүл буруп, “иш менен камсыз кылайын, ири салык төлөйүн” деген ишкерлерге көңүл бурбайбыз. “Кетсин!..” деп жүрүп капитализмди тандап алганыбызды билер учур келди. Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-2026-жылдарга «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору албетте алкоого арзыйт. Бул долбоор насилинде ата мекендик өндүрүштү колдоочу, калкалоочу мамлекеттик деңгээлдеги күч болуп кала бериши кажет. Анткени, өлкөнүн жүзү болгон эл аралык рынокту багындырар «Made in Kyrgyzstan» бренди ушул долбоор аркылуу жанданышы талашсыз.
Шекербек КАЛЫКОВ
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы